ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
UNIFILдин чыгышы жакындап, БУУнун Коопсуздук Кеңеши тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн келечегин чечет
Израилдин агрессиясы жана оккупациясы уланып жаткан учурда, Ливан 2027-жылы өлкөдөн чыгууга даярданып жаткан UNIFIL күчтөрүн Ливанда калууга чакырууда.
UNIFILдин чыгышы жакындап, БУУнун Коопсуздук Кеңеши тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн келечегин чечет
[АРХИВ] Ливандын түштүгүндөгү Клаяда ЮНИФИЛдин аскердик унаалары. / Reuters Archive

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши (БУУ КК) 2026-жылдын 31-декабрында мандаты аяктай турган Ливандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Убактылуу күчтөрүнүн (UNIFIL) келечеги боюнча чечим кабыл алат.

UNIFILдин басма сөз катчысы Дани Гафри БУУ КК 1701-резолюциянын аткарылышын улантуу үчүн байкоо жүргүзүү, мониторинг жүргүзүү жана Ливан армиясына колдоо көрсөтүү сыяктуу ар кандай варианттарды карай турганын билдирди.

Гафри Кеңеш жаңы резолюция кабыл албаса, миссиянын иши 2026-жылдын аягында токтотулуп, 2027-жыл бою күчтөрдү этап-этабы менен чыгаруу процесси жүргүзүлөрүн айтты. Ошондой эле жоопкерчиликти Ливан бийлигине өткөрүп берүү пландалып жатканын белгиледи.

Бирок Ливан өкмөтү өлкөнүн түштүгүндө коопсуздук боштугу жаралбашы үчүн миссиянын ишин улантууну талап кылууда.

Гафри Израилдин аскердик катышуусу жана Ливандын аймагына жасаган чабуулдары 1701-резолюцияны ачык бузуу болуп саналарын баса белгиледи. Ал жарандык инфраструктурага кеңири зыян келтирилгенин билдирип, Израиль күчтөрүн Ливан аймагынан чыгууга дагы бир жолу чакырды.

Иликте
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды
Орусия АКШ жана Кытай менен үч тараптуу саммит өткөрүүгө даяр
Революциялык гвардия: АКШ блокадасы Иранга караганда Вашингтонго көбүрөөк чыгым алып келиши мүмкүм
Израиль Сириянын түштүгүндөгү Кунейтра аймагын бомбалады
Анкаранын 8 айдагы экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 20,7% өстү
Украина: Россияга багытталган операцияны кийинки аптада  кайра кайталайбыз
Иран:"Эч кимдин балдарыңыздарды Израиль үчүн жалданма аскер кылуусуна уруксат бербеңиздер"
Израиль гезити карызы бар америкалыктар үчүн Иранга кол салуу планын сунуштады
Россиядан АКШга билдирүү: Украина боюнча чечим согуш талаасындагы чындыкты чагылдырышы керек
Ливан кайрадан Израилдин чабуулдарына кабылып, адамдар каза болду
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"