ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Министр Фидандын Египет сапары тууралуу маалымат бөлүштү
"Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө элдерибиздин жалпы кызыкчылыктарына гана эмес, аймагыбызда тынчтыкты, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү орнотууга кызмат кылат."
Министр Фидандын Египет сапары тууралуу маалымат бөлүштү
Хакан Фидан 13-14-күндөрү Египетке расмий сапар менен барды

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия менен Египеттин тарых жана географиянын өздөрүнө жүктөгөн жоопкерчиликти сезүү менен аракеттенген эки улуу мамлекет экенине көңүлдөрдү буруп: «Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыктын чыңдалышы элдерибиздин орток кызыкчылыктарына гана эмес; аймагыбызда тынчтыктын, туруктуулуктун жана бакубаттуулуктун орношуна да кызмат кылат. Бул түшүнүк жана президенттерибиздин көрөгөчтүгү менен биргеликте иштөөнү жана мамилелерибизди өз ара ишенимдин жана орток кызыкчылыктарыбыздын негизинде тереңдетүүнү улантабыз», — деди.

Фидан NSosyal баракчасында Египет сапары тууралуу билдирүү жасады.

Сапардын эки өлкөнүн «жогорку деңгээлде» уланып жаткан эки тараптуу кызматташтыгын жана аймактагы абалдарды талкуулоо жагынан абдан маанилүү мүмкүнчүлүк болгонун белгилеген Фидан: «Ачык-айрым меймандостугу үчүн эң оболу урматтуу кесиптешим жана бир тууганым Бадр Абделаттиге жана бардык египеттик жетекчилерге ыраазычылык билдирем», — деди.

Фидан сапар учурунда египеттик кесиптеши Абдулати менен биргеликте Түркия-Египет биргелешкен пландоо тобунун экинчи жыйынына төрагалык кылганын баса белгилеп, буларды кошумчалады: "Ошондой эле Египеттин Башкы чалгындоо кызматынын башчысы Хасан Рашад жана Араб Лигасынын башкы катчысы Набил Фахми менен жолугуштук. Эки тараптуу соодабызды көбөйтө турган, экономикалык мамилелерибизди диверсификациялай турган жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланышты бекемдей турган келишимдерге кол койдук",- деди.

Хакан Фидан 13–14-август күндөрү Египетке расмий иш сапары менен барды.

Иликте
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция
Түркия 2027-жылдын алгачкы айларында Ай аппаратын космоско учурат
Грецияда бир жуманын ичинде Батыш Нил вирусунун 45 жаңы учуру катталды
Ирандын тышкы иштер министри Франциянын адам укуктарына байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди
Иран: "Ормуз кысыгы биздин шарттар кабыл алынмайынча ачылбайт"
Орусиянын президенти Путин Курил аралдарына барды
Россия: Краснодар аймагында Украинанын дрондук  чабуулунан эки адам каза болду
БАЭге таандык королдук учактын Иранга барганы айтылууда
Барзани "Террорсуз Түркия" процесси боюнча алкактык мыйзамды колдоду
Сирия Колумбиянын чечимине нааразылык билдирди
Орусия Telegram жана Google компанияларына 26 миллион рубль айып салды
Тышкы иштер министри Фидан Ливиядагы ТКК командирлигине барды