Москвадагы Таган райондук соту Telegram жана Google компанияларына каршы козголгон иштер боюнча өкүм чыгарды.
Сот платформалар тыюу салынган контентти алып салбагандыгы менен мыйзамды бузган деген тыянакка келип, Telegram компаниясына 18,4 миллион рубль, ал эми Google компаниясына 7,6 миллион рубль айып пул төлөөнү буйрук кылды.
Google жана Telegram компанияларынан тышкары, Instagram, YouTube, X жана TikTok сыяктуу башка чет элдик интернет платформалары Орусияда тыюу салынган контентти алып салбагандыгы жана өлкөдөгү мыйзамдуу милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн мурда айып пул салынган.
Телеграмга кирүү да өлкөдө бөгөттөлгөн.






















