Орусиянын президенти Владимир Путин Курил аралдарына барганы кабарланды.
Кремлдин билдирүүсүнө ылайык, Путин Курил аралдар тобундагы эң ири арал Итурупка барды.
Путин бул жердеги балык кайра иштетүүчү заводду, Курил борбордук райондук ооруканасын жана бир мектепти карап чыкты.
Аны Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренко коштоп жүрдү.
СУНУШТАЛАТ
Бул президент Путиндин Курил аралдарына биринчи сапары экени айтылды.
Орусиянын Сахалин облусуна таандык Итуруп аралы Курил аралдарынын түштүгүндө жайгашкан.
Экинчи Дүйнөлүк согуштун аягына чейин Япониянын көзөмөлүндө болгон Курил аралдары 1945-жылы мурдагы Советтер Союзунун көзөмөлүнө өткөн.
























