Орусиянын Краснодар аймагындагы мунай иштетүүчү заводдо дрон чабуулунан кийин өрт чыгып, эки адам каза болду.
Краснодар губернатору Вениамин Кондратьев жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, аймактагы жарандык объектилерге түнкүсүн дрондор кол салганын кабарлады.
Дрондордун сыныктары Афипский конушундагы темир жол станциясынын жанына түшкөнүнө көңүл бурган Кондратьев, эки адам каза болуп, дагы экөө жаракат алганын маалымдады.
СУНУШТАЛАТ
Кондратьев Афипский конушунда кеминде 10 өзүнчө турак жай жабыркаганын жана алардын биринде өрт чыкканын айтты.
Ал ошондой эле аймактагы мунай иштетүүчү заводдо да өрт чыкканын жана өрт өчүрүүчүлөр менен тез жардам кызматкерлери өз ишин улантып жатканын белгиледи.




















