Полиция кызматкеринин «Анадолу» агенттигине берген маалыматына караганда, 250дөн ашык мыйзамсыз рохинжа жана бангладештик мигранттарды ташыган кайык Кокс-Базар жээгинен Малайзияны көздөй багыт алгандан кийин Андаман деңизинде чөккөн.
Бангладеш жээк коопсуздугу 9 - апрелде Инд океанынан тогуз кишини куткары Текнаф полиция бөлүмүнө тапшырды. Куткарылгандардын арасында алты адамдын адам аткезчилери экени жана абакка алынганы белгиленди.
Текнаф полиция бөлүмү аба ырайынын кескин начарлашынан улам чөккөн кемеге байланыштуу мигранттарды мыйзамсыз ташуу боюнча кылмыш ишин козгоду.
Бангладештин Жээк коопсуздук кызматы Бангладеш желектүү бир кеменин Андаман аралдарына жакын жерде аман калгандарды таап, куткарганын тастыктады.
БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы (UNHCR) жана Эл аралык миграция уюмунун (IOM) Бангладештеги өкүлчүлүгү биргелешкен билдирүүсүндө, бул трагедиялуу окуя узакка созулган жер которуунун жана рохинжалар үчүн туруктуу чечимдердин жоктугунун оор кесепети экенин белгилешти. Уюмдар эл аралык коомчулукту тилектештикти арттырууга жана өтө зарыл болгон жардамдардын туруктуулугун камсыз кылууга чакырды.
Бангладеш 1,3 миллионго жакын рохинжага баш калка берген; алардын көбү 2017-жылдын август айындагы Мьянманын аскердик куугунтугунан качып келишкен.
Мьянманын аскердик хунтасынын каршылыгынан улам расмий кайтып келүү болгон жок, бул коомчулукта нааразычылыкты жаратып, көптөгөн адамдарды кооптуу деңиз саякаттарына чыгууга мажбур кылууда.



