15-июлдагы төңкөрүш аракетинен бери он жыл өттү. Фетуллахчы террордук уюм (ФЕТӨ) коргонуу өнөр жайы сыяктуу көптөгөн маанилүү мамлекеттик мекемелерге ар кандай ыкмалар менен таасир этүүгө жана Түркиянын мүмкүнчүлүктөрүн алсыратууга аракет кылган. Уюм коргонуу өнөр жайын кантип саботаж кылды? Бул маанилүү долбоорлорго жана мекемелерге кандай тоскоолдук кылды? Түркиянын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнө бул аракеттердин кандай кесепеттери болду? Мамлекеттик мекемелерден ФЕТӨнү тазалоодон кийин, Түркиянын коргонуу өнөр жайынын ылдамдоосу, ички жана улуттук долбоорлордун трансформациясы жана коопсуздук саясатына оң таасири... Берүүбүздүн бул чыгарылышында Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы, айрыкча акыркы 10 жылдагы өсүшү тууралуу талкуулайбыз. Коногубуз - коргонуу өнөр жайынын саясаты боюнча эксперт Арда Мевлүтоглу.















