Президент Режеп тАййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө “Абдан кадырлуу досум” деп атаган Катардын мурдагы эмири Шейх Хамад бин Танинин каза болгондугун кайгыруу менен билдирди.
Премьер-министр болуп турган учурунда маркум шейх Хамад бин Халифа Аль Тани менен эл аралык маселелер боюнча тыгыз кызматташттык түзгөнүн айткан Эрдоган билдирүүсүндө буларга орун берди : “Түркия менен Катар Мамлекетинин ортосундагы саясий, соода, аскердик, гуманитардык жана маданий карым - катнаштардын бүгүнкү деңгээлге жетишине чоң салым кошкон, ислам дүйнөсүнүн тынчтыгы, аймагыбыздын туруктуулугу, Катар элинин бакубаттуулугу үчүн жасаган аракеттерине мен күбө болгон Шейх Хамад бин Халифа Аль Таниге Жараткан Алла Тааладан ырайым тилейм.
Эң башта боордошум Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани жана маркум ата эмирдин үй - бүлөсүнө, дос жана бир тууган Катар калкына, ислам дүйнөсүнө өзүмдүн атыман, үй - бүлөмдүн жана элимдин атынан көңүл айтам”.



















