ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркиянын коргоо экспорту 10 миллиард долларды ашты
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр коргонуу продукцияларында 80 пайызга тышка көз каранды болгон Европанын муктаж болгон чечим өнөктөшү Түркия экенин белгиледи.
Түркиянын коргоо экспорту 10 миллиард долларды ашты
Түркия Республикасынын өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр

SAHA 2026 эл аралык коргонуу, авиация жана космос өнөр жайы жарманкеси бүгүн ачылып, 9-майга чейин Стамбул көргөзмө борборунда конокторду тосуп алат.

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр көргөзмөнүн ачылышында сүйлөгөн сөзүндө глобалдык коргонуу чыгымдары акыркы 10 жылда 41 пайызга өсүп, 2025-жылы 2,9 триллион долларга жеткенине токтолду. «Тынымсыз уланып жаткан геосаясий чыңалуу бул өсүү тенденциясы дагы да уланарынан кабар берет», — деп кошумчалады министр.

Түркия акыркы 23 жыл ичинде коргонуу муктаждыктарын камсыздоодо ата мекендик продукциянын үлүшүн 20 пайыздан 80 пайызга чейин көтөргөнүн белгилеген Кажыр, учурда дүйнө жүзү боюнча сатылган ар бир үч аскердик учкучсуз учуучу аппараттын экөөсү түрк компаниялары тарабынан чыгарылып жатканын билдирди. Ошондой эле ал Түркия өзүнүн аскердик кемелерин долбоорлоп, иштеп чыгып жана өндүргөн дүйнөдөгү 10 өлкөнүн бири экенин баса белгиледи.

"Коргонуу өнөр жай ишканаларыбыз жыл сайын жаңы жөндөмдөргө ээ болууда"

Министр Мехмет Фатих Кажыр Түркиянын коргонуу тармагындагы ийгиликтерине токтолуп, өлкөнүн бешинчи муундагы «KAAN» истребители, «Bayraktar TB3», «GÖKDOĞAN» жана «BOZDOĞAN» ракеталары, «Bayraktar KIZILELMA» учкучсуз истребители, «ALTAY» танкы, «HÜRJET» учагы жана абадан коргонуучу «Болот кумбез» (Çelik Kubbe) системасы сыяктуу заманбап куралдары бар экенин айтты.

«2002-жылы 248 миллион доллар болгон коргонуу экспортубуз активдүү дипломатиябыз жана компанияларыбыздын глобалдык рынокко багыт алышынын натыйжасында өткөн жылы 10 миллиард доллардан ашты. Учурда коргонуу экспорту боюнча дүйнөдө 11-орунда турабыз. Бул көрсөткүч дагы өсөт деп ишенебиз, себеби биздин ишканалар жыл сайын жаңы технологияларды өздөштүрүп, өндүрүш кубатын туруктуу арттырууда», — деди Кажыр.

Ошондой эле ал коргонуу продукциялары боюнча 80 пайыз сырткы булактарга көз каранды болгон жана коопсуздук коркунучтарынан улам коргонуу потенциалын бекемдөөгө аракет кылып жаткан Европа үчүн Түркия эң маанилүү өнөктөш экенин баса белгиледи. Министрдин айтымында, түрк коргонуу өнөр жайы согуш талаасында натыйжалуулугу далилденген, жогорку технологиялуу жана үнөмдүү продукциялары менен Европанын коопсуздук системасынын муктаждыктарын толук камсыз кыла алат.

Иликте
Вице-президент Йылмаз Европа саясий ассоциациясынын 8-саммитинин ачылыш аземине катышты
Техникалык мүчүлүштүктөн улам учагы Анкарага шашылыш конгон Санчес Түркиядан жөнөп кетти
АКШда мектеп окуучулары арасындагы билим таймашында жеңген окуучулар Түркияга келет
Израиль деңизде мыйзамсыз кармаган Газа флотилиясынын активисттери Стамбулга келди
Газага жардам флотунан кармалган түрк жарандары чартердик рейс менен Түркияга келиши күтүлүүдө
Президент TRTнын түзүлүшүнүн 62- жылында анын глобалдык деңгээлге чыгышына жогору баа берди
Түркия менен Грециянын тышкы иштер министрлери  флотилияга жасалган кол салууну талкуулашты
Түркия Улуу Улуттук Парламенти Израилдин жасаган чабуулун "согуштук кылмыш" катары айыптады
Министр Чифтчи: "Өлкөбүз мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө дүйнөгө үлгү болууда"
Министр Фидан: "Биринчи өзгөчөлүгүбүз  жүргүзгөн саясатыбызда туруктуу болуу"
Түркия менен Испания Израилдин флотилияга кийлигишүүсүнө каршылык көрсөтүүгө чакырышты
Түркия Израилдин флотилияга кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп айыптады
Түркия транспорт каражаттарынын эмиссияларын азайтуу үчүн «Нөлдүк калдык» келишимине кол койду
Эрдоган: "Жасалма интеллект жана технологиялык төңкөрүш дүйнөлүк жумушчу күчүн өзгөртүүдө"
«Мусулман коомдору өздөрүнүн баяндоолорун кайра калыбына келтириши керек»
Вице-президент Йылмаз: «Түркия глобалдык белгисиздик шартында инвестициялык климатын чыңдоодо»
Президент Эрдоган Трампка тилектештик билдирүүсүн айтты
Фидан Иран жана пакистандык кесиптештери менен АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүн талкуулады
Президент Эрдоган Чанаккале кургактык согуштарынын 111 жылдыгын эскерди
Президенттиктин 7-Эл аралык яхта жарышында Улуттук эгемендүүлүк кубогу башталды