Кипрде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антониу Гутерриштин демилгеси менен үч тараптуу жолугушуу башталды.
Лефкошадагы нейтралдуу аймакта жайгашкан БУУ борборунда өткөн жолугушууга БУУ Баш катчысы Антониу Гутерриш, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) Президенти Туфан Эрхүрман жана Түштүк Кипр Рум Республикасынын лидери Никос Христодулидис катышууда.
СУНУШТАЛАТ
Жолугушууда тараптар ортосундагы ишенимди арттыруу чаралары жана Кипр маселеси боюнча кепилдик берүүчү өлкөлөрдүн да катышуусу менен өткөрүлүүчү 5+1 форматындагы жолугушуулардын жалпыланган планы каралары күтүлүүдө.
БУУнун демилгеси менен өткөн үч тараптуу жолугушунун соңунда Гутерриш маалымат жыйын өткөргөндөн кийин, кечээ барган аралдан кетиши пландалууда.






















