Тышкы иштер министри Хакан Фидан ХАМАСтын саясий бюросунун жаңы шайланган башчысы Халил аль-Хайяны жана аны коштоп келген ХАМАС делегациясын кабыл алды.
Тышкы иштер министрлигиндеги булактардын маалыматына караганда, Фидан Хайяны жаңы кызматы менен куттуктап, ага ийгилик каалады.
Хайя Газадагы жана Батыш жээктеги кырдаал тууралуу маалымат берип, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү мыйзамсыз конуштарды куруу жана Кудстагы ыйык жерлерге кол салууларды көбөйткөнүнө көңүл бурду.
Хайя ХАМАС тынчтык сүйлөшүүлөрүндө конструктивдүү позицияны сактап келе жатканын жана Палестинанын элдешүү процесси тууралуу маалымат бергенин билдирди.
Министр Фидан Түркия палестиналыктардын адилеттүү ишин ар бир тармакта жана ар бир платформада бекем колдой турганын кайталады.
Фидан Түркия Нетаньяху өкмөтү тарабынан Газада жана Батыш Шериада жасалган кылмыштардын жана ыйык жерлерге жасалган чабуулдардын эл аралык күн тартибинде калышын камсыз кылганын жана Газага көбүрөөк гуманитардык жардам жеткирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай берерин билдирди.
Министр Фидан ошондой эле Түркия Газадагы тынчтык процессин колдоону уланта берерин жана ХАМАСтын бул процесстеги ролун жогору баалаарын билдирди.
Жолугушууда башка аймактык маселелер да талкууланды.






















