Жергиликтүү бийлик шаршемби күнү Украина дрондору Россия аннексиялаган Крымдын Севастополь шаарындагы тарыхый музейге сокку урганын жана аба чабуулдарынан улам түнкү поезд каттамдарынын санын кыскартканын билдиришти.
Бул музей 1853–1856-жылдары Орусия империясы менен курамына Осмон империясы да кирген коалициянын ортосунда болгон Крым согушуна арналган.
Россия бул согушта жеңилүүгө учураган.
Севастополдун Россия тарабынан дайындалган губернатору Михаил Развожаев Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө музейдин чатыры өрттөнгөнүн бирок каза болгондор же кыйроо тууралуу маалымат берген жок.
Развожаев шаршемби күнү эртең мененки билдирүүсүндө: «Душман бул кылганы үчүн жооп берет!»,- деди.
Губернатор Сергей Аксенов ушул аптада болгон башка бир окуяда поезддин машинисти жаракат алып, жардамчысы каза болгондон кийин, бийлик органдары түнкү убактагы поезд каттамдарын азайтуу чечимин кабыл алганын билдирди.
2014-жылы Россия Украинадан аннексиялаган Кара деңиздеги жарым арал — Крым, эс алуу сезонунун башталышы менен бирге Украинанын акыркы дрон чабуулдарынан кийин күйүүчү май тартыштыгына туш болду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн аптада Россиянын президенти Владимир Путин менен бетме-бет жолугушууну сунуштаган, бирок Путин баш тарткан. Кремль поездге карата кол салуудан кийин Украинанын кагылышууну тынчтык жолу менен чечүү аракетине тоскоол болгонун билдирди.
Россияынн Самара облусунда, Волга дарыясынын жээгинде жайгашкан, мамлекеттик көзөмөлдөгү мунай гиганты "Роснефть" тарабынан иштетилген көптөгөн мунай иштетүүчү заводдор жайгашкан маанилүү мунай борбору болгон Новокуйбышевск шаарында учкучсуз учактардын чабуулдары токтотулду.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, бийлик абадан сокку уруу эскертүүлөрүнөн улам коомдук транспортту токтотуп, миллион калктуу Самара шаарынын тургундарын баш калкалоочу жерлерге кирүүгө чакырган.
Украинанын Россиянын энергетикалык инфратүзүмүнө жасаган чабуулдары дүйнөдөгү үчүнчү ири мунай өндүрүүчү болгон Москваны мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтууга мажбурлады.
Россиянын Украина чек арасындагы Ростов облусунда учкучсуз учактан түшкөн сыныктар жарандык объектидеги күйүүчү май куюлган цистернада өрттүн чыгышына себеп болду. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Владимир облусунда эки өнөр жай ишканасы өрттөндү.
Россиянын мунай өндүрүүчү аймагы Ханты-Мансийск, Пермь жана Тюмень аймактарында, ошондой эле Украинадан миңдеген чакырым алыстыкта жайгашкан Урал тоолорундагы Челябинск жана Свердловск сыяктуу өнөр жай аймактарында жергиликтүү бийлик абадан сокку уруу тууралуу эскертүүлөрдү беришти.
Россия түн ичинде Украинага таандык 326 дронду атып түшүрдү. Россиянын Коргоо министрлиги жана Москванын мэри социалдык медиада бул дрондордун кеминде 10у борбор шаар Москвага карай бара жатканын билдиришти.
Рейтер бул маалыматтарды көз карандысыз түрдө ырастай алган жок.












