Россия баанын жогорку чегин сактоо үчүн рынокко каршы чараларды колдогон өлкөлөргө мунай бербей турганын жарыялады.
Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко шейшемби күнү «Известия» гезитине берген маегинде, учурда энергетика рыногу туруксуз экенин, энергия ресурстарынын тартыштыгы жана рыноктогу баалардын жогорулаганы байкалып жатканын айтты.
Руденко Япония менен бирге Россияга каршы санкцияларды колдогон өлкөлөр менен соода кылуу тууралуу суроого жооп берип жатып, Токионун орус мунайына баанын жогорку чегин киргизүү боюнча милдеттенмелерине берилгендигин белгиледи жана муну «жеткирүү чынжырларын бузган рынокко каршы чара» деп мүнөздөдү.
Орус жетекчи: «Бир нече жолу белгиленгендей, Россия бул чагымчыл планды колдогон өлкөлөргө мунай бербейт», — деп билдирди.
АКШнын санкция саясаты боюнча өзгөрүүлөр
АКШнын Каржы министрлиги 12-мартта санкциялык саясатындагы өзгөртүүлөрдүн алкагында, орус мунайын жана мунай өнүмдөрүн сатууга 12-апрелге чейин өзгөчө уруксат (истисна) бергенин жарыялады.
АКШнын каржы министри Скотт Бессент орус мунайын сатууну санкциялардан чыгаруу Ирандагы согуштан улам дүйнөлүк рыноктордо көтөрүлүп жаткан энергия бааларын төмөндөтүүнү максат кыларын билдирди.
G7 өлкөлөрүнүн экономика жана каржы министрлери өткөн аптадагы жыйындан кийин дүйшөмбү күнү жасаган биргелешкен билдирүүсүндө, Жакынкы Чыгыштагы АКШ-Израиль согушунун экономикалык кесепеттерин талкуулап жатып, энергетика рыногунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн "бардык зарыл чараларды" көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Орус чийки мунайына карата 2022-жылдын декабрь айынан бери колдонулуп келе жаткан G7 баа чектөөсү эки максатты көздөгөн механизм катары иштелип чыккан; бул чаралар Москванын энергетикалык кирешелерин азайтуу менен бирге, белгиленген баадан жогору сатылган учурларда Батыштын деңиз транспорту кызматтарына тыюу салуу аркылуу дүйнөлүк мунай агымын үзгүлтүккө учуратпоону көздөйт.














