ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Орусия отун кризисинин күчөшүнө байланыштуу Кубага энергетикалык колдоо көрсөтүүгө убада берди
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын Кубага бара жаткан мунай танкеринин өтүүсүнө АКШ менен мурда макулдашылгандай уруксат бергенин билдирди.
Орусия отун кризисинин күчөшүнө байланыштуу Кубага энергетикалык колдоо көрсөтүүгө убада берди
Песков: Орусия Европа рынокторуна ишенимдүү энергия жеткирүүчү болууга даяр. / Reuters
3 саат мурун

Кремль Орусиянын союздашы Кубанын отун жетишсиздигинен жапа чегип жатканын карап тура албай турганын жана Кубага анын жашоо-турмушун камсыз кылуу системалары үчүн маанилүү болгон энергетикалык ресурстарды берүүдө жардам көрсөтүүгө милдеттүү деп эсептей турганын айтты.

"Катуу блокадада турган кубалык досторубуз мунай өнүмдөрүнө жана мунайга муктаж. Бул өлкөнүн жашоо-турмушун камсыз кылуу системаларынын иштеши, электр энергиясын өндүрүү жана калкка медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл", - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дүйшөмбү күнү Москвада өткөн басма сөз жыйынында.

АКШнын Жээк күзөтү орусиялык танкердин өтүшүнө эмне үчүн уруксат бергени тууралуу суроого жооп берип жатып Песков Москва мурда Кубага гуманитардык мунай жеткирүү мүмкүнчүлүгүн Вашингтон менен талкуулаганын айтты. Песков: "Бул мунай өнүмдөрүнүн аралга жетишине кубанычтабыз", - деп кошумчалады.

Финляндиянын президенти Александр Стаббдын Орусия жалпы мобилизация жарыялашы мүмкүн деген билдирүүсүнө токтолгон Песков Орусияда аскердик мобилизациянын жаңы толкуну пландаштырылбаганын айтып, "Мындай тема күн тартибинде жок" деди.

Европа Биримдигине энергетикалык ресурстарды сатуу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү суроого байланыштуу ал Орусия Европа рынокторуна ишенимдүү энергия жеткирүүчү болууга даяр экенин билдирди.

Орусиянын өкүлү 31-мартта бүтө турган Орусия менен Сербиянын жаратылыш газы боюнча келишими узартылаарын ырастады.

Сербиянын президенти Александр Вучич дүйшөмбү күнү келишим дагы үч айга узартылганын жарыялаган.

Песков: "Орусия ар дайым Европа рыногун кошо алганда, кандайдыр бир дүйнөлүк рынокко ишенимдүү энергия жеткирүүчү болууга даяр болуп келген жана даяр бойдон калууда. Биз Сербия сыяктуу дос жана бир тууган өлкөлөр менен болгон милдеттенмелерибизге өзгөчө маани беребиз", - деди.

Иликте
Пентагон Иранда жумалап созула турган кургактыктагы операцияга даярданып жатат
Президент Эрдоган Босния-Герцеговина Кеңешинин төрагасы Бечировичти расмий азем менен тосуп алды
Ливандын түштүгүндө Израилдин чабуулунан үч журналист каза болду
Трамп кийинки максаты Куба болушу мүмкүн экенин кыйытты
Пакистан Жакынкы Чыгыштагы согушту талкуулоо үчүн Түркияны, Сауд Арабиясын жана Египетти кабыл алат
Ирандын Сауд Арабиядагы базага жасаган чабуулунда  12 америкалык аскер жаракат алды
Жергиликтүү бийлик: Орус кол салууларында  3 киши каза болуп, Украинада төрөт үйү менен үйлөр атылды
Түркиянын коммуникация башкармалыгы Азребайжан менен меморандумга кол койду
Түркия Иран согушу боюнча ортомчу Пакистан менен ыктымалдуу  сүйлөшүүнү күн тартибине алып келди
Израиль төрт жума катары менен Аль-Акса мечитинде жума намазына тоскоол болду
Жакынкы Чыгышта согуш күчөп жаткан учурда Украина менен Сауд Арабиясы коргонуу боюнча макулдашты
Эрдоган: "Эл аралык система Экинчи дүйнөлүк cогуштан кийин легитимдүүлүк кризистен өтүп жатат"
Израилдин мурдагы премьер  - министри Беннетт:  "Нетаньяху  кантип жеңишке жетүүнү билбейт"
Россиянын Тышкы иштер министри Лавров: "АКШ "Түндүк агым" газын көзөмөлдөөнү каалайт"
Пакистан АКШ менен Ирандын ортосунда "билдирүүлөрдү жеткирүү" ролун аткарганын ырастады