Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болду
ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болдуКыргызстан өз тарыхында биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун эң таасирдүү органы - Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы убактылуу мүчөсү болуп шайланды.
Кыргызстан

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. 3-июнда Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандаш болгон Филиппин мамлекетин артта калтырды. Эки мамлекет добуш берүүнүн үч айлампасында жетиштүү добуш ала алган жок. Төртүнчү айлампада гана Кыргызстан 142 добуш менен алдыга озду.

Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.

Кыргызстан Коопсуздук кеңешине тарыхта биринчи жолу шайланып жатат. Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан гана 2017-2018-жылдары бул милдетти аркалаган.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров добуш берүүнүн жыйынтыгы белгилүү болору менен фасебук баркчасынан «Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз. Мекендештерим, куттуктайм!», - деп жазды.

Өлкө өнөктүгү учурунда чакан мамлекеттердин, тоолуу аймактардын жана деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн үнүн күчөтүүнү убада кылган.

Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерин караган БУУнун негизги органы болуп эсептелет. Анын курамына беш туруктуу жана ар бир эки жылда алмашып турчу он мамлекет кирет.

Учурда Кыргызстанды дүйнөнүн ар тарабындагы өлкөлөр, уюмдар жана жеке жактар куттуктап жатышат.

 Түркия Республикасынын Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз кеңсесинин куттуктоосу:

“Биз боордош Кыргыз Республикасын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.

Бул жетишкендик жана өкүлчүлүк түрк дүйнөсүнүн глобалдык системадагы ролунун жогорулашынын жаңы көрсөткүчү болуп саналат.

Биз Кыргызстандын конструктивдүү мамилеси жана жоопкерчиликтүү дипломатиясы БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги тынчтыкка жана кызматташтыкка баалуу салым кошот деп ишенебиз.

Биз бир туугандарыбызга толук колдоо көрсөтүп, аларга мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз! 👏”

 

Иликте
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады