Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШлык кесиптеши Марко Рубио менен Украина кризиси тууралуу сүйлөштү.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Лавров менен Рубио Филиппиндердин борбору Манилада Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) жыйындарынын алкагында жолугушту.
Украина кризиси сөз болгон жолугушууда Лавров америкалык кесиптешине байланыш линиясындагы чыныгы кырдаал тууралуу маалымат берип: "Киев өкмөтүнө курал-жарак менен колдоо көрсөтүү менен Россияны стратегиялык жактан жеңүүгө аракет кылып жаткан Европа өлкөлөрүнүн туруксуздаштыруучу саясаты кабыл алынгыс",- деп билдирди.
Лавров ошондой эле орус тарап маселени саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүгө ачык экенин жана Аляска саммитинде (15-августта) АКШ менен жетишилген келишимдерди карманарын ырастады.
Аймактык жана эл аралык маселелер да каралган жолугушууда эки министр Перс булуңундагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.
Жолугушууда ошондой эле эки тараптуу карым - катнаштарды жакшыртуу процесси, Россиянын жана Американын дипломатиялык миссияларынын иштөө шарттарын жакшыртуу маселеси да каралды.
Лавров менен Рубио Россиянын Федералдык космос агенттиги (Роскосмос) менен АКШнын Улуттук авиация жана космос башкармалыгынын (NASA) ортосундагы байланыштардын кайра жанданышын кубаттап, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы алмашууларды жана маданий тармактагы байланыштарды өнүктүрүүнү колдой тургандыктарын билдиришти.
Жолугушууда тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы байланыштарды улантуу боюнча макулдашышты.






















