Бириккен Улуттар Уюму шейшемби күнү билдиргендей, Россия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согушта жарандардын арасындагы жоготуулар ушул жылдын биринчи жарымында 37 пайызга өскөн.
БУУнун Украинадагы Адам укуктарын көзөмөлдөө миссиясынын башчысы Даниэль Белл Женевада журналисттерге жасаган билдирүүсүндө: "396 жарандын каза болгонун жана 7 978 кишинин жараланганын каттадык... Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37 пайыздык өсүштү билдирет" — деп маалымдады.
Жарандарга каршы сокку урганын четке кагып келген Россия менен Украина, төрт жарым жылга чукулдап калган куралдуу кагылышууну токтотуу боюнча АКШнын демилгеси менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн токтошу менен бирге акыркы айларда бири-бирине карата чабуулдарын күчөттү.
Буга байланыштуу БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы акыркы күндөрү Украина менен Россия боюнча жарандардын өлүмүнө алып келген көптөгөн чабуулдарды айыптады.
Уюмдун маалымат катчысы Тамин Аль-Хитан журналисттерге: "Жарандар жана жарандык инфраструктура эл аралык гуманитардык укукка ылайык катуу коргоого алынган, ал эми мындай атайын жасалган чабуулдар согуштук кылмыш болуп саналат" — деп билдирди.


















