Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын Павлоград шаарына жасаган аба чабуулунда кеминде 3 кишинин каза болгонун, ондогон кишинин жарадар болгонун билдирди.
Зеленский социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүндө Днепропетровск облусундагы Павлоград шаарына сокку урдалганын маалымдады.
Орус армиясынын шаардагы бир ишканага таандык жерди башкарылуучу бомбалар менен бутага алганын белгилеген Зеленский алгачкы белгилөөлөргө караганда 3 кишинин каза болгонун жана ондогон кишинин жаракат алганын баса белгиледи.
Россиянын Одесса жана Сумы облустарынын негизги инфраструктураларына жана Херсондогу жарандык инфраструктурага да сокку урганын белгилеген Зеленский: "Россия күн сайын элибизге карата террордук чабуулдарды улантууда",- деди.






















