Пакистандын армиясы жергиликтүү өндүрүштөгү биринчи абадан абага атуучу ракетасы "Фааз" сыноодон өткөнүн жарыялады.
Dawn гезитинин маалыматына караганда, Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн коомчулук менен байланыш бөлүмү (ISPR) билдирүү жасады.
Билдирүүдө жергиликтүү өндүрүштөгү алгачкы абадан абага атуучу ракета болгон "Фааз" "ийгиликтүү сыноодон өткөнү" белгиленип, мунун коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүдөгү маанилүү "этап" экени айтылды.
Ракета терминалдык багыттоо системасы менен жабдылганы жана алыскы аралыктагы буталарга жете ала турганы кошумчаланган билдирүүдө "Фааз Пакистандын аба күчтөрүнүн операциялык ийкемдүүлүгүн бир топ жогорулатып, өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнө салым кошору" маалымдалды.
Билдирүүдө ошондой эле Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, премьер-министр Шахбаз Шариф, Башкы штабдын башчысы Асим Мунир жана күчтөрдүн командирлери окумуштууларды жана инженерлерди ийгиликтүү сыноодон улам куттукташканы кабарланды.
Пакистандын армиясы 14-октябрда да “Фатах-2” баллистикалык ракетасынын атуу аралыгы узартылган версиясын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.



















