«Түркия менен Бельгиянын тышкы иштер, юстиция жана ички иштер министрлеринин 4-жыйыны» Бельгиянын борбору Брюсселде Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, ички иштер министри Мустафа Чифтчи жана юстиция министри Акын Гүрлектин катышуусунда өтөт.
Министрлер деңгээлиндеги жолугушууда эки тараптуу мамилелер, терроризмге каршы күрөшүү, соттук кызматташтык, миграция жана чек ара коопсуздугу маселелери кеңири талкууланат.
Жолугушуунун алкагында Түркиянын Коопсуздук боюнча башкы башкармалыгы менен Бельгиянын Федералдык полициясынын ортосундагы кызматташтыктын негизин түзгөн «2027–2028-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планы» ишке ашырылат.
План трансчек аралык кылмыштуулуктун бардык түрлөрүнө, атап айтканда, терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка, баңгизат жана курал-жарактын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, мигранттарды мыйзамсыз алып өтүүгө жана адам сатууга каршы биргелешип күрөшүүнү көздөйт.
Ошондой эле иш-аракеттер планы эксперттердин өз ара жолугушуулары жана биргелешкен окутуу иш-чаралары аркылуу эки өлкөнүн коопсуздук органдарынын ортосунда оперативдүү маалымат жана тажрыйба алмашууну мүмкүн болушунча кеңейтүүгө багытталган.
Эки өлкөнүн карым - катнаштары
Түркия менен Бельгиянын ортосундагы карым - катнаштардын акыркы мезгилде активдешүүсү ар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө шарт түздү.
Жакында Бельгиянын ханышасы Матильда премьер-министрдин орун басары жана тышкы иштер министри, коргоо жана тышкы соода министри, ошондой эле аймактык өкмөттөрдүн премьер-министрлеринен турган делегация менен бирге 10–14-май күндөрү Түркияга экономикалык багыттагы сапар менен келген.
Түркия менен Бельгиянын ортосундагы соода көлөмү 2025-жылы 9,2 миллиард долларга жеткени белгиленип, бул көрсөткүчтү 15 миллиард долларга чейин көбөйтүү максаты коюлган.
Бельгияда жашаган 300 миңге жакын түрк жараны эки өлкөнүн ортосундагы маанилүү көпүрө болуп саналат.






















