Таиландда катуу жааган жамгырдан улам келип чыккан суу ташкындарынан акыркы бир айда 80 адам каза болду.
"Bangkok Post" гезитинин Таиланддын кырсыктарды башкаруу агенттигине шилтеме жасап жазганына караганда, суунун деңгээли төмөндөгөнүнө карабастан, борбор калаа Бангкокту кошкондо 22 аймакта селдер уланууда.
СУНУШТАЛАТ
Акыркы бир айда өлкө боюнча суу ташкындарынан 80 адам каза болду.
Селдерден болжол менен 604 миң 265 үй-бүлө жана 1 миллион 830 миң адам таасирленди.




















