ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Болгариянын премьер-министри Радев Кытайдын тышкы иштер министри Ванды кабыл алды
Кытайлык министр Болгариянын лидери тарабынан да кабыл алынды.
Болгариянын премьер-министри Радев Кытайдын тышкы иштер министри Ванды кабыл алды
Болгариянын премьер-министри Радев Кытайдын тышкы иштер министри Ванды кабыл алды

Болгариянын премьер-министри Румен Радев өлкөгө расмий сапар менен барган Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини борбор калаа Софияда кабыл алды.

Жолугушуу алдында сүйлөгөн сөзүндө Радев Болгария электр унааларына, энергетикага, айыл чарба жана жогорку технологияларга инвестиция салуу үчүн жагымдуу шарттарды сунуштай турганын айтып, Вандын сапары бул тармактарда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө салым кошоруна ишенгенин билдирди.

Болгариянын Европа менен Кытайдын ортосундагы транспорт, энергетика жана санариптик байланыштарды өнүктүрүүдө маанилүү позицияга ээ экенин маалымдаган Радев, өлкөсү бул тармактарда Европага дарбаза катары кызмат кыла аларын айтты.

Ван болсо Радев стратегиялык көз карашы жана маселелерге прагматикалык мамилеси бар саясатчы экенин жана Болгариянын анын жетекчилиги астында олуттуу ийгиликтерге жетишерине ишенгенин билдирди.

Ошол эле учурда, кытайлык министр Ванды Болгариянын президенти Ильяна Йотова да кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жолугушууда Жакынкы Чыгыштагы жана Украинадагы жаңжалдар ​​​​талкууланды. Эки тарап тең жаңжалдарды чечүү үчүн активдүү дипломатиялык аракеттер зарыл деген пикирге келишти.

Иликте
АКШнын айрым штаттарында орто мөөнөттүү шайлоолорго мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды
АКШнын коргоо министри Израилге күтүүсүз сапары учурунда Нетаньяху менен жолугушту
Израиль Батыш Шериада палестиналыктарга таандык 183 акр жерди тартып алды
Бангладеште кызамыкка окшош симптомдор улам 1201 бала каза болду
Йемен армиясы: "1164 операцияда 558 хусит таасирсиз кылынды"
Миландан Жиддага учуп бара жаткан учак бомба коркунучунан улам Римге шашылыш конду
Колумбияда мыйзамсыз алтын кенинде шахта урап, 14 адам каза болду
Судан: Автобус аялдамасына дрондук кол салуудан 80 адам каза тапты
Министр Фидан сауд кесиптеши менен сүйлөштү
Болгариянын премьер-министри Радев Кытайдын тышкы иштер министри Ванды кабыл алды
Түркия Диянет Фонду Керкүктөгү муктаж балдарга жардам көрсөттү
Израилдин Газага кол салууларынан дагы беш палестиналык каза болду
АКШнын мамлекеттик катчысы Рубио Самаркандда өзбек кесиптеши Саидов менен жолугушту
Таиландда суу ташкындары акыркы бир айда 80 адамдын өмүрүн алды
Түркия Канаданын аскердик базасындагы жарылууга байланыштуу көңүл айтты