Израилдин ок атышпоого карабастан Газа тилкесине кол салууларынан беш палестиналык каза болуп, 22си жаракат алды.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газага кол салууларында катталган курмандыктар тууралуу акыркы маалыматтар бөлүшүлдү.
Билдирүүдө ок атышпоого карабастан Израилдин кол салуулары уланып жаткан Газадагы ооруканаларга акыркы 24 сааттын ичинде беш палестиналыктын сөөгү жеткирилгени, 22 адамдын болсо жаракат алганы айтылды.
Билдирүүгө ылайык, 2025-жылдын 10-октябрында ок атышпоо күчүнө киргенден бери Газада Израилдин кол салууларынан 1522 адам каза болуп, 5421 адам жаракат алды. Ошондой эле ушул эле мезгилде урандылардын астынан 839 адамдын сөөгү табылганы маалымдалды.
2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун жалпы саны 74 480ге жеткени, ал эми жаракат алгандардын саны 175 539га жеткени кабарланды.
Газа тилкесинде дагы деле миңдеген адамдардын сөөгү урандылардын астында экени айтылууда.




















