Ички иштер министри Мустафа Чифтчи социалдык тармактагы билдирүүсүндө Күлтегин эстелигине 1300 жыл мурда чегилген «Түнү уктабадым, күнүз отурбадым» деген түшүнүктү бүгүн да улантып жатышкандарын баса белгиледи.
Чифчи: «Элдерибиздин тынчтыгы үчүн мойнубуздагы жоопкерчиликти сезүү менен иштеп жатабыз», — деди.
Казакстанда өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун Ички иштер министрлеринин 3-жыйыны тууралуу маалымат берген Чифтчи үрк мамлекеттеринин ортосунда коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүчү маанилүү темаларды талкуулагандарын айтты.
Өздөрү сунуштаган «Кылмыштуулукка каршы күрөш кеңешинин» түзүлүшү жалпы декларацияга киргенин билдирген Чифчи кеңештин жаңы муундагы кылмыштуу уюмдашууларга, терроризмге, баңгизатка, мыйзамсыз миграцияга, кумар оюндарына каршы күрөшүүдө биргелешкен мүмкүнчүлүктөрдү күчөтөөрүн баса белгиледи.
Чифтчи сөзүн төмөнкүчө улантты: “Алдыдагы айда Анкарада урматтуу прзеидентибиз Режеп Таййип Эрдогандын кожоюндугунда ишке ашырыла турган Түрк Мамлекеттер Уюмунун лидерлер саммититнде Кеңештин Негиздөөчү келишимине кол коюлушун максат кылабыз».
Интерпол жана Европолго окшогон бир уюм түзүүнү максат кылгандарын билдирген Чифчи, түрк мамлекеттеринин арасында «ТҮРКПОЛ» деген ат менен биргелешкен структура түзүүнү сунуштаганын айтты.
Чифчи бул сугунушту жыйынга катышкан Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан жана Өзбекстандын ички иштер министрлеринин да абдан оң кабыл алганын маалымдады.




















