Шаршемби күнү АКШдагы Axios маалымат агенттиги эки америкалык чиновникке шилтеме жасап жазганына караганда, Вашингтон Ормуз кысыгын кайра ачуу жана согушту токтотуу боюнча Иран менен макулдашууга жакындап калганына ишенет.
Axios кабарына караганда, эки тарап "согушту токтото турган жана деталдуу ядролук сүйлөшүүлөр үчүн негиз түзө турган бир беттен турган өз ара түшүнүшүү меморандуму" боюнча макулдашууга жакын.
Кабарда келишимге Ирандын өзөктүк байытуу ишмердүүлүгүнө мораторий киргизүү убадасы жана АКШнын болсо Ирандын миллиарддаган долларлык тоңдурулган каражаттарын бошотууга макулдугу кирет деп айтылды.
Вашингтондун Тегерандан 48 сааттын ичинде бир нече маанилүү пункттар боюнча жооп күтүп жатканы кабарланууда.
Axios: "Кандайдыр бир тема боюнча азырынча макулдашууга жетишиле элек, бирок булактардын айтымында, бул согуш башталгандан бери тараптар макулдашууга эң жакындаган учур", - деп билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп азырынча эч кандай жыйынтыкка келе элек болсо да келишимге жакындап калганын бир нече жолу айткан. Дүйшөмбү күнү Трамп кемелердин кысыктан чыгып кетишине жардам берүү үчүн "Эркиндик долбоорун" баштаган.
Бирок "ортомчу Пакистандын жана башка өлкөлөрдүн" өтүнүчтөрүнөн кийин Трамп бир күндөн кийин операцияны токтотуп, Тегеран менен "Толук жана акыркы келишимге карай чоң ийгиликтерге жетишилгенин" маалымдады.
Axios келишим азыркы формасында согуштун бүткөнүн жарыялап, 30 күндүк сүйлөшүү процессин баштай турганын билдирди. Бул сүйлөшүүлөр Исламабадда же Женевада өтүшү мүмкүн экенин кошумчалады.






.jpg?width=512&format=webp&quality=80)


