Зеленский социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө Орусиянын Днепрге ракеталык чабуул жасаганын кабарлады.
Кол салууда 5 адам каза болуп, 29 адам жаракат алганын маалымдады.
Зеленский ошондой эле Орусия Запорожьедеги микроавтобуска куралдуу дрон менен кол салганын жарыялады.
Бул кол салууда болсо 3 адам каза болуп, 6 адам жаракат алганын жана эки шаарда тең издөө-куткаруу иштери уланып жатканын баса белгиледи.
Украин лидери орус армиясы Сумы, Харьков, Чернигов, Одесса жана Херсон облустарына да чабуул жасаганын айтып, "Бул орус терроруна каршы күрөшүү абдан маанилүү" деп билдирди.
Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн командирлигинин билдирүүсүндө да Орусия тарабынан түн ичинде өлкөгө учурулган 180 дрондун 82си жок кылынганы тууралуу маалымат бөлүшүлдү.
Билдирүүдө Украинанын ар кайсы аймактарына абадан кол салуу коркунучу уланып жатканы баса белгиленди.



















