Польшанын борбору Варшавадан Бельгиянын борбору Брюсселге учуп бараткан учак бомба коркунучунан кийин Брюссель аэропортуна коопсуз конду.
Бельгиянын Фламанд аймагынын коомдук телерадиокомпаниясы VRT билдиргендей, федералдык полиция бул маселе боюнча билдирүү жасады.
Польшанын улуттук LOT авиакомпаниясына таандык учак Брюссель аэропортуна пландаштырылган конуу алдында бомба билдирүүсү келип түшкөнү жана иликтөөлөрдүн натыйжасында кошумча коопсуздук чараларын көрүүнүн кажети жок экени аныкталганы маалымдалды.
Учактын Брюссель аэропортуна коопсуз конгону кабарланып, бул окуянын Европада айрым учактарга карата бомба билдирүүлөрү менен байланышы бар-жогун аныктоо үчүн иликтөө башталганы кошумчаланды.



















