Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түштүк Кавказдын тынчтык аймагына айланып баратканын жана Армения менен өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, продукциялардын түрлөрүн кеңейтүү жана жаңы кургактык транспорт жолдорун түзүү үчүн иштеп жаткандарын билдирди.
Алиев Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөн "Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ)+" форматындагы жыйынга катышты.
Жыйында сөз сүйлөгөн Алиев Азербайжан менен Армениянын ортосунда уланып жаткан тынчтык процесси жөнүндө сөз кылды.
Алиев бир жылдан ашык убакыт мурун Азербайжан менен Армения 30 жылдан ашык убакыттан бери уланып келген жаңжалга чекит койгонун белгилеп: "Көп жылдардан бери жаңжал аймагы болуп келген Түштүк Кавказ тынчтык аймагына айланууда" ,- деди.
Алиев Азербайжан катары Арменияга мунай заттарын жеткирип, үчүнчү өлкөлөрдүн жүк ташуусун камсыз кылып жатканын билдирип: "Армения менен өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, товарлардын түрүн кеңейтүү жана жаңы кургак жол каттамдарын түзүү боюнча иш алып барып жатабыз",- деп кошумчалады.
Алиев өлкөсүнүн аймактары оккупацияланган учурда кырдаалды чечүүдө Бириккен Улуттар Уюму эч кандай роль ойнобогонун жана Азербайжан өзүнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн толугу менен өз алдынча калыбына келтиргенин билдирди.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын тез арада аткаруу жана тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгилеген Алиев: "Бул аткарыла турган болсо, БУУнун кадыр-баркын жана уюмдун чыр-чатактарды чечүүдөгү ролун жогорулатууга салым кошот. Жакынкы убакка чейин жана төрт жыл бою Кошулбоо кыймылына төрагалык кылган Азербайжан эл аралык карым - катнаштарда көп тараптуулук принцибин бекемдөөгө салым кошууну улантат", - деди.























