ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: «Түркия дүйнөдө сейрек кездешүүчү ийгилик аңгемесин жазып жатат»
Президент Эрдоган: «Аймагыбыз бир катар согуштар жана кризистер менен күрөшүп жаткан бул мезгилде Түркия; экономикасы, инфраструктурасы, тажрыйбалуу мекемелери, компетенттүү кызматкерлери жана күчтөндүрүлгөн ички фронту менен туруктуулук аралындай»
Эрдоган: «Түркия дүйнөдө сейрек кездешүүчү ийгилик аңгемесин жазып жатат»
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган

Президент Режеп Тайип Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.

«Бул куттуу күндөр өлкөбүзгө, сүйүктүү элибизге, ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка береке алып келет деп чын жүрөктөн үмүттөнөм», - деди президент Эрдоган, ошондой эле билдирүүсүндө көптөгөн актуалдуу маселелерге токтолду.

Эрдоган аймактагы чыр-чатактардын кесепеттерин төмөнкү сөздөр менен ачыктады: «Биз, ислам дүйнөсү катары, тынчтык атмосферасына жетишүүнүн кубанычын сезип жатканда, экинчи жагынан, биздин аймак жана дүйнө жогорку стресс мезгилин башынан өткөрүп жатат. Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газадан Батыш Шериага, Чыгыш Кудстан Ливанга чейин чөлкөмүбүздүн ар кайсы бөлүктөрүндө оккупациясын, кыйратуусун, кыргындарын жана мыйзамсыз конуштарды куруу иштерин акылга сыйбагыдай түрдө улантууда. Израилдин провокациялары жана схемалары менен башталган согуштун терс таасирлери энергетикадан айыл чарбасына, соодадан транспортко, экономикадан коопсуздукка чейин көптөгөн тармактарда сезилүүдө».

«Түркия туруктуулук аралы катары өзгөчөлөнүп турат»

«Биздин аймак бир катар согуштар жана кризистер менен күрөшүп жаткан бул мезгилде Түркия экономикасы, инфраструктурасы, тажрыйбалуу институттары, компетенттүү кызматкерлери жана эң негизгиси, күчтөндүрүлгөн ички фронту менен туруктуулук аралы катары өзгөчөлөнүп турат», - деп айткан Президент сөзүн улантып: «Сын-пикирлерге жана тоскоолдуктарга карабастан, биз 23 жылдан бери ар бир тармакта, айрыкча коргонуу өнөр жайыбызда жүргүзүп келе жаткан саясатыбыздын жемишин көрүп жатабыз. Экономикалык көлөмү 238 миллиард доллардан 1,6 триллион доллардан  ашканга чейин көтөрүлдү, жылдык экспорт 36 миллиард доллардан 276 миллиард долларга чейин жогорулады, ал эми коргонуу жана аэрокосмостук экспорт 248 миллион доллардан 10 миллиард доллардан ашканканга чейин жогорулап, Түркия дүйнөдө сейрек кездешүүчү ийгилик аңгемесин жазып жатат»,-деди.

Түркиянын терроризмге каршы күрөштөгү чечкиндүүлүгүнө токтолгон Эрдоган бул маселенин маанилүүлүгүн төмөнкү сөздөр менен билдирди: «Кудай буюрса, айланабыздагы будуң чаң басылгандан кийин, Түркия жаңы доордун жаркыраган жылдыздарынын бири болот. Бул үчүн биз керектүү нерселердин баарын жасап жатабыз. Өлкөбүздүн келечеги жана аймагыбыздын туруктуулугу үчүн стратегиялык мааниси бүгүнкү күндө жакшыраак түшүнүлгөн «Террордон арылган Түркия» процесси ушулардын бири. Биз чек араларыбыздын ичинде тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого жана чек араларыбыздын сыртындагы империалисттик оюндарды үзгүлтүккө учуратууга салым кошкон бул тарыхый процессти чоң камкордук, акыл-эс жана чын жүрөктөн көздөгөн жерине карай алып баратабыз. Түркияга экономикалык жактан 2 триллион доллардан ашык чыгым алып келген бул балээден элибизди куткаруу чечкиндүүлүгүбүз толук ишке ашты. Биз өз жолубузду бекем жана тездик менен улантып жатабыз».

Иликте
Иран: Трамп согушту кайра баштаса, бул АКШ үчүн согуштун биринчи күнүнө караганда да оор болот
Улуттук Чалгындоо Уюму Сирияда операция жүргүзүп, 10 ДЕАШ мүчөсүн Түркияга алып келди
"Түркия кылымында инвестиция жана каржы" китеби басылып чыкты
Иран: Сүйлөшүүлөрдө жакынкы жумаларда же айларда так жыйынтыкка жетишүү күтүлбөйт
Кытайда көмүр кенинде жарылуу болуп 82 адам каза болду
Россия: Украинанын Лугансктагы колледжге жана жатаканага жасаган чабуулунан төрт киши каза болду
Президент Эрдоган Трабзонспорду Түркия кубогун жеңиши менен куттуктады
Сауд Арабиясы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дрондорду жана жасалма интеллектти колдонууда
Рютте: "НАТО күчтүү жолго түштү жана өнөктөштүккө болгон көз карандылык азаят"
Иран АКШнын Ливан элчисине киргизген санкцияларын айыптады
АКШ Иран согушуна байланыштуу Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатууну токтотту
АКШ Украинага 108,1 миллион долларлык Hawk ракета системасы жабдууларын сатууну бекитти
Марокконун Фес шаарында имарат кулап, көп сандаган адамдар каза болду
Израиль Сириянын түштүгүндө Дараага жакын жердеги айыл чарба жерлерин бомбалады
SpaceX акыркы мүнөттөгү техникалык көйгөйдөн улам Starship сыноо учуусун кийинкиге калтырды