Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Президенттик комплексте өткөн жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн ортосунда келишимдерге кол коюлду.
Түркия Республикасынын өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Чек арадан өтүүчү унаалар жана товарлар жөнүндө алдын ала маалымат алмашууга байланыштуу 2022-жылдын 29-мартындагы протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча протоколго соода министри Өмер Болат жана Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов кол коюшту.
Түркия Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы артыкчылыктуу соода келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколго Өмер Болат менен Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов кол коюшту.
Түркия Республикасынын өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо келишимине Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Ведат Ишихан менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Саидов кол коюшту.
Түркия Республикасынын өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо келишимин ишке ашыруу боюнча административдик келишимге Ведат Ишихан жана Бахтиёр Саидов кол коюшту.
Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бизнести колдоо боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешти түзүү жөнүндө келишимге президент Режеп Таййип Эрдоган жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол коюшту.























