Ирандын борбору Тегеранда Түркия, Сауд Арабиясы, Пакистан жана Иран делегацияларынын ортосунда өткөн төрт тараптуу жыйындын жыйынтык декларациясы жарыяланды. Анда аймактык коопсуздук, Израилдин аймактагы кол салуулары жана Палестина менен Ливандагы окуялар талкууланды.
Декларацияда аймакта тынчтык жана коопсуздук маселелерин кошо алганда, төрт аймактык өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган талкууларды улантууга макулдашылганы белгиленди.
Ирандын Жогорку Улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Мухсин Резаи өткөргөн жыйынга Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистандын делегациялары катышты.
Ирандын президенти Масуд Пазешкиан жана Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи да катышкан жыйында Түркияны Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) башчысы Ибрахим Калын, Сауд Арабиясын коргоо министри ханзаада Халид бин Салман, Пакистанды болсо Башкы штабдын башчысы Асим Мунир өкүлдүк кылды.
Төрт тараптуу жыйында аймактык коопсуздук, Израилдин аймактагы кол салуулары жана Палестина менен Ливандагы окуялар талкууланган.





















