Премьер-министр Кобахидзе Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81 - сессиясында сөз сүйлөдү.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өлкө аймагынын 20 пайызы Россиянын оккупациясында экенин билдирип:"Жүз миңдеген жарандарыбыз азыр да ички жер которуп, үйлөрүнө кайтып келе албай жатышат",- деди.
Кобахидзе Грузиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган жана Россия тарабынан колдоого алынган Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарында жашаган элге кайрылып: «Кылымдар бою биз бирдиктүү мекенди жана бизди бириктирген жалпы тарыхты бөлүшүп келгенбиз. Бүгүн тартылган бөлүүчү сызыктар бул тарыхты өчүрүп же балдарыбыздын келечегин аныктай албайт. Грузиянын тынчтыкта жана экономикалык өнүгүүдө жетишкен ийгиликтерине жасалма түрдө тартылган бөлүүчү сызыктар тоскоол болбошу керек деп ойлойбуз. Биздин жалпы келечегибиздин ажырагыс бөлүгү болуп келген тарыхый аймактарыбызда жашаган эл да бул жетишкендиктерден пайда көрүшү керек», — деп билдирди.
"Грузия Түштүк Кавказдын жана Борбордук коридордун ажырагыс бөлүгү."
Кобахидзе Грузиянын стратегиялык абалга ээ экенин билдирип: "Грузия Түштүк Кавказдын жана Борбордук коридордун ажырагыс бөлүгү, бул бизди Борбордук Азия менен Европаны бири бирине байланыштыруу үчүн ыңгайлуу абалга алып келет",- деди.






















