Казакстандын Каспий деңизинин жээгиндеги аскердик машыгуу учурунда деңиз толкуну агызып кеткен 19 жоокердин тогузу каза болуп, жети жоокер дайынсыз жоголду.
Казакстандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Казакстан Аскер-деңиз флоту Каспий деңизинин жээгинде аскердик машыгуу өткөрүп жатканы кабарланды.
Окуу жана аскердик тапшырмаларды камтыган машыгуу учурунда аба ырайынын кескин начарлашынан жана катуу шамалдан улам 19 жоокер деңизге чөгүп кеткени айтылды.
Билдирүүдө 9 жоокер каза болуп, 3 жоокер куткарылганы жана дайынсыз жоголгон 7 жоокерди табуу үчүн издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканы, тиешелүү бөлүмдөр аймакка жөнөтүлгөнү белгиленди.
Ошондой эле Коргоо министри Даурен Косанов окуянын бардык аспектилерин иликтөө жана издөө-куткаруу иштерин координациялоо үчүн аймакка барганы маалымдалды.
Окуя боюнча тергөө башталды
Казакстандын Башкы прокуратурасы жоокерлер каза болгон окуя боюнча тергөө иштери башталганын жарыялады.
Башкы прокуратура окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлгөнүн жана окуя болгон жерде Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана прокуратуранын кызматкерлери бар экенин кабарлады.
Билдирүүдө кошумчалангандай, учурда зарыл болгон тергөө иштери жүрүп, соттук-медициналык эксперттер дайындалды.





















