Пакистан Афганистандан учуп чыккан дрондорду аныктагандан кийин өлкөдөгү 10 бутага абадан сокку урганын билдирди.
Пакистандын маалымат министри Аттаулла Тарар социалдык медиадагы билдирүүсүндө Афганистандын аймагынан учуп чыккан айрым дрондор 23-сентябрда Пакистандын аймагына кирүүгө аракет кылганын жана алардын жолун тосконун билдирди.
«Пакистан өзүн коргоо укугун пайдаланып, бул дрондорду учуруу жана сактоо үчүн колдонулган Афганистандагы 10 объектке так аба соккуларын жана дрондор менен сокку урду », — деп айтылат билдирүүдө.
Афганистанга «чабуулдарды токтот» чакырыгы
Тарар Афганистандан Пакистандын аймагына жасалган эч кандай чабуулга чыдабай турганын билдирип: "Пакистандын эгемендүүлүгүн бузууга дароо жана чечкиндүү жооп кайтарылат",- деп билдирди.
Афганистан башкаруусун кол салууларды дароо токтотууга чакырган Тарар: "Пакистан чыңалууну күчөтүүнү каалабайт жана аймактын тынчтыгы, диалог, конструктивдүү кызматташууга болгон берилгендигин сактоодо. Бул берилгендик алсыздык же душмандык аракеттерге карата чексиз сабырдуулук катары туура эмес түшүнүлбөшү керек",- деди.
Эмне болгон эле?
Пакистандык жетекчилер кечээ жасаган билдирүүдө Афганистандан чек ара бекеттерин бутага алган чабуулдарды жана кирүү аракеттерин токтотконун жарыялашты.
Бир тараптан афганистан өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахид мындай чабуул болбогонун билдирди.





















