Президент Режеп Таййип Эрдогандын Ирактын премьер-министри Али эз-Зейди менен жолугушуусунда тараптар коопсуздук жаатында кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашканы кабарланды.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы Эрдогандын Ирактын премьер-министри Зейдини Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын алкагында кабыл алуусунан кийин "Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсүн" бөлүштү.
Буга караганда Түрк жана Ирак органдары эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык мамилелердин бардык аспектилерин талкуулаган жолугушууларда тараптар коопсуздук жаатында кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашышты. Бул контекстте алар Синжарда мамлекеттик бийликти толук түзүү жана тыюу салынган чет элдик куралдуу элементтердин болушун жок кылуу боюнча макулдашышты.
Ирактын бул коопсуздук чараларындагы жетишкендиктерине ылайык, макулдашылган механизм жана мөөнөттүн алгагында, Түрк күчтөрү Башика-Зилкан базасын Ирактын федералдык өкмөтүнө акырындык менен өткөрүп берет.
Тараптар ошондой эле эки тараптуу соода жана инвестиция көлөмүн кеңейтүү, кол коюлган келишимдерди дароо ишке ашыруу жана биргелешкен стратегиялык долбоорлорду, айрыкча Өнүгүү жолу долбоорун тездетүү боюнча макулдашышты.





















