Федерациянын веб-сайтында жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылды:
"Түркиянын Футбол Федерациясынын Башкаруу кеңеши кечээки жыйынында үч жылдан ашык убакыттан бери Улуттук курама командабыздын башкы машыктыруучусу болуп иштеп келе жаткан Винченцо Монтелла менен карьерасын улантпоо чечимин кабыл алды. Түркиянын Футбол Федерациясы катары биз Винченцо Монтеллага улуттук курама командабызга алып келген жетишкендиктери жана түрк футболуна кошкон салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, келечектеги карьерасында ийгиликтерди каалайбыз. Түркиянын Футбол Федерациясынын башчысы Ибрахим Этем Хажыосманоглу кийинки жумада Түркияга келе турган Винченцо Монтелла менен бетме-бет жолугушуп, Улуттук курама командабыз үчүн жасаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирет".






















