10 жылдыгын белгилеп жаткан TRT World Forum 6-7-ноябрда Стамбулда "Борборсуз дүйнө: Эрежелер жараксыз болгондо ким жетектейт?" деген темада өтөт.
TRTнын билдирүүсүнө ылайык, 2017-жылдан бери дүйнө жүзүндөгү алдыңкы инсандарды чогултуп келген TRT World Forum 10-жылында глобалдык диалогго салым кошууну улантууда.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусу күтүлүп жаткан жана 6-7-ноябрда Стамбул Конгресс борборунда өтө турган форумга окумуштуулар, журналисттер, спортчулар, өнөрпоздор, саясатчылар жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү чогулуп, дүйнөдөгү эң актуалдуу маселелерди талкуулашат.
Көптөгөн жылдар бою эл аралык күн тартиби боюнча ар түрдүү көз караштарды бириктирип келген TRT World Forum 10-жылында бүгүнкү дүйнөнүн өзгөрүп жаткан күч балансын жана лидерлик динамикасын талкуулайт.
Акыркы 10 жылда TRT World Forum 86 ачык жана 76 жабык сессияларда 801 баяндамачыны миңдеген катышуучулар менен жолугуштуруп, ар түрдүү көз караштарды жана тажрыйбаларды талкуулоо үчүн платформа түздү. Дүйнөлүк жана аймактык күн тартиптерин аныктай турган быйылкы TRT World Forum жасалма интеллект, энергетикалык кризистер, эл аралык укук жана экономика сыяктуу темаларды карап чыгат.
Форумда быйыл төмөнкү панелдик талкуулар каралат: "Түркия: Регионалдык күчтөн региондор аралык актерго чейин Жогорку тобокелдиктүү дипломатиянын кайтып келиши: Ортоңку державалар жана өнүгүп келе жаткан көп полярдуу тартип", "Эл аралык системадагы Америка парадоксу", "Оор калыбына келтирүү процессине карай: Жакынкы Чыгыштагы согуштан кийинки улуттук экономикалар", "Эл аралык укуктун жана гуманитардык кыйроонун кесилишиндеги Газа", "Байланыштын жаңы геосаясаты: Деңиз жолдору, тоскоолдуктар жана коридорлор", "Алгоритм доорунда ким башкарат? Компаниялар, мамлекеттер, жарандар", "Энергетикалык кризистин кесепеттери: кысым астындагы мекемелер" жана "Жасалма интеллект доорунда жоопкерчиликти башкаруу".
Ошондой эле форумда Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздук динамикасынан баштап, Евразия түзүмүнө, Россия-Украина согушунан Африкадагы дипломатия жана геоэкономикага чейинки ар кандай темалар боюнча адистердин тегерек стол талкуулары болот.
TRT World форумуна катталууну "https://www.trtworldforum.com/register/" дареги аркылуу жүргүзүүгө болот.






















