Байкар окуу тууралуу маалыматты социалдык медиада бөлүштү.
Бөлүшүүдө: "Сауд Арабия Падышачылыгынын Деңиз күчтөрүнөн 15 пилот менен 15 механикалык жана электрондук техник стажеру Чорлу учуу жана сыноо борборунда окуусун ийгиликтүү аяктады. Стажерлорубузду куттуктайбыз", - деп жазылды.
Байкар менен Сауд Арабиясынын Коргоо министрлигинин ортосунда 2023-жылы Байрактар AKINCI TİHA (Чабуулчу пилотсуз учуучу аппарат) экспорту боюнча кызматташуу келишимине кол коюлган.
Ушул алкакта Байрактар АКЫНЖЫ Чабуулчу пилотсуз учуучу аппараттар Сауд Арабиясынын армиясынын инвентаризациясына кирет. Байкар ошондой эле окутуу, техникалык колдоо жана логистикалык кызматтарды көрсөтөт.






















