ТҮРК ДҮЙНӨСҮ
1 мүнөт окуу
Эрхүрман: Түркия менен кызматташуу аркылуу адилеттүү жана узак мөөнөттүү чечим үчүн иштейбиз
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Туфан Эрхүрман: "Биз Түркия менен тыгыз кеңешүү жана кызматташуу аркылуу аралда адилеттүү жана узак мөөнөттүү чечим табуу үчүн иштөөнү улантабыз", - деп билдирди.
Эрхүрман: Түркия менен кызматташуу аркылуу адилеттүү жана узак мөөнөттүү чечим үчүн иштейбиз
Туфан Эрхүрман

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрхүрман Бештепе улуттук көргөзмө залында "Түрк кылымы: тилде, ойдо жана иште биримдик" деген темада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин 13-саммитинде сөз сүйлөдү.

Эрхүрман ТКТРнын бардык аракеттеринин түпкүрүндө аралда жана аймакта "тынчтыкты, туруктуулукту жана кызматташтыкты чыңдоо" бар экенин айтып, Кипр түрк элинин дүйнө менен интеграцияланышы жана Кипрде чечим издөөнүн бири-бирин бекемдөөчү процесстер экенин баса белгиледи.

"Биз Түркия менен тыгыз кеңешип жана кызматташып аралда адилеттүү жана узак мөөнөттүү чечим үчүн иштөөнү улантабыз" деген Эрхүрман Чыгыш Жер Ортолук деңизинин чыңалуу жана четтетүү саясаты эмес, өз ара урматтоо, инклюзивдүү кызматташтык жана биргелешкен гүлдөп-өнүгүү үстөмдүк кылган аймакка айланышын каалагандарын билдирди.

Иликте
Пезешкиан: Коңшу өлкөлөр менен кызматташуу аркылуу аймактын коопсуздугун камсыздай алабыз
Президент Эрдоган Республиканын 103 жылдыгына карата куттуктоо жарыялады
Президент Эрдоган АКШнын президенти Трамп менен сүйлөштү
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран ТМУнун 13-Саммити тууралуу маалымат бөлүштү
Президент Эрдоган Франциянын президенти Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизи саясатына байланыштуу дооматтар боюнча билдирүү жасады
Францияда студенттер билим берүү шарттарын жакшыртуу үчүн митингдерди улантууга чакырышты
НАТОго мүчө 5 өлкө коргонуу жаатында тыгыз координация түзөт
Казакстандын президенти Токаев эртең Түркияга келет
Израиль армиясы Хеброндогу курчоонун бешинчи күнүндө 5000 палестиналыкты жер которууга мажбурлады
Ирандын президенти жаратылыш газ форумуна катышуу үчүн Россияга барды
Керкүкүтө 4-салттуу анар фестивалы башталды
Израилдин оппозициясы шайлоочуларды Нетаньяхунун доорун токтотуу үчүн шайлоого барууга чакырды
"Арнаб" циклону Индиянын чыгыш жээгине жакындап калгандыктан, миңдеген адамдар эвакуацияланды
Трамп шайлоону бурмалагандар жөнүндө билдиргендерге 1 миллион доллар төлөнөрүн жарыялады