Президенттик аппараттын билдирүүсүнө ылайык, Пезешкиан Улуттук жаратылыш коруктары күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө аймактык маселелерге сереп салды.
Пезешкиан: "Биз аймактагы бардык өлкөлөр менен бир тууганбыз жана баарыбыз мусулманбыз. Ошондуктан бири-бирибизге жардам берип, аймагыбыздын коопсуздугун камсыздай алабыз", - деди.
СУНУШТАЛАТ
АКШ өкмөтүнүн бюджетинин көпчүлүк бөлүгү аскердик күчтөргө бөлүнгөнүн айткан Пезешкиан, АКШнын аймактын коопсуздугун камсыз кылуу шылтоосу менен дүйнөнүн берки тарабынан келишине муктаж эмес экендерин билдирди.





















