САЯСАТ
1 мүнөт окуу
АКШнын президенти Трамп Нетаньяхунун Түркияга F-35 учактарын сатууга каршылыгына жооп берди.
"Кимге эмне сатышыбыз керек же сатпашыбыз керек экенин эч ким айта албайт. Түркия биздин эң сонун өнөктөшүбүз."
АКШнын президенти Трамп Нетаньяхунун Түркияга F-35 учактарын сатууга каршылыгына жооп берди.
Дональд Трамп: «Түркия — биздин чоң союздашыбыз»

АКШнын президенти Дональд Трамп Израильдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Түркияга F-35 учагын сатууга каршы чыгуусуна байланыштуу «Эч ким мага кимге эмнени сатышыбыз же сатпообуз керектигин айтпасын. Түркия биздин чоң өнөктөшүбүз» деп билдирди.

Трамп Вашингтондон Мичиганга баратып учакта журналисттердин актуалдуу суроолоруна жооп берди.

Бир журналист Нетаньяхунун Түркияга F-35 учактарын сатууга каршы чыкканы жөнүндө эскерткен суроо узатканда Трамп жооп берди.

АКШ президенти: «Түркия мен үчүн мыкты өнөктөш болду. Президент Режеп Таййип Эрдоган менин досум. Эч ким мага кимге эмнени сатышыбыз же сатпообуз керектигин айтпасын. Түркия биздин чоң өнөктөшүбүз» деп билдирди.

Трамп Түркия менен Израилдин ортосундагы маселелер баарына белгилүү экенин айтып, (NATO саммитине байланыштуу) Анкарага болгон визити абдан жакшы өткөнүн белгиледи: «Түркия сонун жана абдан күчтүү өлкө. Алардын армиясы укмуш, өтө чоң жана күчтүү армия. Аларда көптөгөн мыкты жабдуулар бар» деди.

Иликте
Түркия төрт палестиналыктын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилдин «геноцид саясатын» сынга алды
БУУнун баш катчысы  17 жылдан кийин Дамаскка барды
Россиянын Украинага жасаган кол салуусунда жети киши каза болду
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"