САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Франциянын президенти Макрон Түркияга өрт өчүрүү учактарын жөнөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди
Франциядагы жылдын башынан бери 116 миң гектар аймак күл болду.
Франциянын президенти Макрон Түркияга өрт өчүрүү учактарын жөнөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди
Макрондон Францияга өрт өчүрүүчү учак жөнөткөн Түркияга ыраазычылык (АРХИВ)

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Түркияга өлкөсүндө бир нече жумадан бери уланып жаткан токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн өрт өчүрүүчү учактарды жөнөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Социалдык медиадагы постунда Макрон Түркиянын айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Йумаклынын Францияга өрт өчүрүүчү учактарды жөнөтүү боюнча постун цитата келтирген.

Түркиянын желегинин сүрөтү түшүрүлгөн постунда Макрон: "Рахмат, Түркия", - деп жазган. 

Министр Йумаклы өз постунда президент Режеп Таййип Эрдогандын көрсөтмөсүнө ылайык, Испаниядан кийин Францияга колдоо көрсөтүү өтүнүчүнө жооп катары эки өрт өчүрүүчү учак жөнөткөнүн билдирген.

Тарыхындагы эң чоң токой өрттөрүнүн бирин башынан кечирип жаткан Францияда жыл башынан бери 116 000 гектар жер кыйроого учурады.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Жиронда провинциясында бир жумадай убакыттан бери күйүп жаткан өрттөн 42 000 гектардан ашык жер жалынга айланган, ал эми Жиронда, Вар, Ланд жана От-Корсе провинцияларындагы өрттөр дагы эле көзөмөлгө алына элек..

Иликте
Токаев Путинди "Стамбул формуласы 2.0" формуласына кайтууга чакырды
Түркия төрт палестиналыктын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилдин «геноцид саясатын» сынга алды
БУУнун баш катчысы  17 жылдан кийин Дамаскка барды
Россиянын Украинага жасаган кол салуусунда жети киши каза болду
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт