АКШнын Вашингтон штатына караштуу Сиэтл шаарында өткөн тамак-аш фестивалында болгон куралдуу кол салууда 2 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды.
Сиэтл Өрт өчүрүү департаментинин маалымат катчысы Грейс Нуньес жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында Сиэтлдеги байкоо мунарасы Space Needle жакындарында өтүп жаткан "Bite of Seattle" тамак-аш фестивалында куралдуу кол салуу болгонун билдирди.
Нуньестин айтымында, окуя болгон жерде эки адам каза болуп, беш адам жаракат алган алардын бири оор жаралуу жана Харборвью медициналык борборуна жеткирилди.
Окуя болгон жерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Берилген маалыматтан кийин аймакка көп сандаган полиция жана биирнчи жардам топтору жиберилди, иш - яара уюштурулган аймак курчоого алынды.
Шектүүнүн кармалганы же кармалбаганы азырынча белгисиз.
Вашингтон штатынын губернатору Боб Фергюсон жергиликтүү полицияны колдоо үчүн аймакка мамлекеттик патрулдук атайын операция топтору жөнөтүлгөнүн жарыялады.
Фергюсон: “Дубаларым курмандыктардын үй - бүлөлөрү жана элдин коопсуздугун камсыз кылууда эмгектенген кызматкерлер менен», — деди.
1982-жылы биринчи жолу уюштурулган жана үч күнгө созулган бул салттуу тамак-аш фестивалына жыл сайын болжол менен 350 миң адамдын катышканы белгиленди.






















