Министрликтин билдирүүсүндө Москвада коопсуздук себептеринен улам киргизиле турган мобилдик интернетке убактылуу чектөөлөр тууралуу маалымат камтылды.
7-8-майда мобилдик интернетке чектөөлөр пландаштырылбаганы баса белгиленген билдирүүдө "Шашылыш коопсуздук коркунучу жаралган учурда дароо чектөөлөр киргизилиши мүмкүн" деп кошумчаланды.
9-майдагы Жеңиш күнүн майрамдоолор үчүн коопсуздук чаралары көрүлөрү билдирилип: "Москвада мобилдик интернетке кирүү, анын ичинде "ак тизмедеги" сайттарга SMS жөнөтүү кызматтары убактылуу чектелет" деп айтылды.
Билдирүүдө ошондой эле зымдуу интернетке чектөөлөр киргизилбей турганы кабарланды.
Украиналык дрондордун чабуулдарынан улам кээде Москвада мобилдик интернетке чектөөлөр киргизилип турат.
Жакында эле 5-майда киргизилген чектөөлөрдөн улам айрыкча онлайн такси жана тамак-аш заказ кылуу колдонмолорунда үзгүлтүккө учуроолор болду.
Ошондой эле акыркы учурда Украинанын дрондорунун Москвага жасаган чабуулдары көбөйдү.







