Ливандын президенти Жозеф Аун сириялык министрлер делегациясы менен жолугушууда аймактык экономикалык интеграциянын маанисин баса белгиледи.
Аун Сирия делегациясын Бейруттун чыгышындагы Баабда сарайында кабыл алды.
Бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштарды бекемдигинин көрсөткүчү экендигин белгилеген Аун аймактагы экономикалык интеграция маселесин көтөрүүгө чоң маани бергенин билдирди.
Аун тең салмактуу карым - катнаштар жана өз ара сыйдын негизинде активдештирилиши керек болгон мүмкүнчүлүктөрдүн бар экенин белгилеп, Ливан менен Сириянын уникалдуу географиялык жайгашуусу эки өлкөгө аймактагы чыңалуу мезгилинде альтернативдүү ролду аткарууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Сириянын экономика министри Мухаммед Нидал аль-Шаар Ливанга болгон сапар эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү орнотууга жана тынчтыкка, сүйүүгө, чынчылдыкка жана тең салмактуулукка негизделген карым - катнаштарда жаңы барак ачууга багытталганын айтты.
Делегациянын курамында Сириянын экономика, саламаттыкты сактоо, туризм, айыл чарба жана транспорт министрлери бар.





















