Ирактын премьер-министри Али ал-Зейди менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.
Ирактын Премьер-министрлик кеңсесинен берилген маалыматка караганда Зейди менен Рубио Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 81-Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн барган АКШнын Нью-Йорк шаарында жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.
Премьер-министр Зейди Ирак-АКШ мамилелерин бекемдөө жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн иштеп жатканын ырастады.
Зейди ошондой эле Ирак өкмөтүнүн эгемендик милдеттерин аткарууга жана бардык курал-жарактар конституциялык принциптерге ылайык мамлекеттик бийлик астында калышы үчүн зарыл чараларды ишке ашырууга чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу кайталады.
Мамлекеттик катчы Рубио болсо Ирактын өкмөтүнө жана элине ички стабилдүүлүктү чыңдоо, ирак элинин экономикалык жана дүйнө менен өз ара аракеттенүүсүнө байланыштуу күтүүлөрүн камсыздоо темасына колдоосун баса белгиледи.
Рубио ошондой эле мамлекеттин негиздерин чыңдоого жана туруктуулук менен экономикалык өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган өкмөттүн чараларын колдой турганын да айтты.
Буга чейинки билдирүүсүндө Зейди АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн баары Ирактан 30-сентябрга чейин чыгарыларын билдирген. Ирактын премьер-министри анын өкмөтү мамлекеттин көзөмөлүндөгү курал-жарактарды чогултуу боюнча куралдуу топтор менен диалогун улантып жатканын жана бул маселеде артка чегинбей турганын белгилеген.




















