13-сентябрда Индонезияда оодарылган паромдогу 52 адамдын сөөгү бир нече күндөн кийин табылды.
Индонезиянын Улуттук издөө жана куткаруу агенттигинин башчысы Мухаммед Сяфили суучулдар паромдун терезелерин сындырып, сөөктөргө жеткенин билдирди.
Деңиздин болжол менен 30 метр тереңинен табылган кемеден 52 адамдын сөөгү табылганын билдирген Саяфили издөө иштеринин уланып жатканын белгиледи.
Борнеодогу ооруканага жеткирилген сөөктөр идентификациялоо процедураларынан кийин үй-бүлөлөрүнө өткөрүлүп берилет.
Окуя
13 - сентябрда Сурабаядан Чыгыш Явага бара жаткан паром менен байланыш үзүлүп, андан кийин паромдун оодарылып кеткени белгилүү болду.
Паромдогу 108 адам куткарылып, 83 адам дайынсыз жоголгон.
17 000ден ашык аралдан турган Индонезия архипелагында паромдор кеңири колдонулган транспорт каражаты болуп саналат.























