Түркия Республикасынын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар социалдык медиадагы билдирүүсүндө Түркия менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтык аймактык туруктуулукту жана келечекти бекемдөөнү улантарын билдирди.
TANAP энергетикалык камсыздоо коопсуздугунун эң чоң кепилдиги экенин баса белгилеген Байрактар:
"Түркия менен Азербайжандын ортосундагы бир туугандыктын символу жана Түштүк газ коридорунун негизи болгон TANAP 8 жашта. 2018-жылдан бери өлкөбүзгө 39,3 миллиард куб метр жаратылыш газын жана жалпысынан дээрлик 99 миллиард куб метр жаратылыш газын ташыган бул чоң долбоор өлкөбүз үчүн гана эмес, Европа үчүн да энергетикалык камсыздоо коопсуздугунун эң чоң кепилдиги болду. "Эки мамлекет, бир улут" урааны менен бигелеше ишке ашырган бул кызматташтык аймагыбыздын туруктуулугун жана жалпы келечегибизди бекемдөөнү улантат", - деди.





















