Түркия Республикасынын Президенти Эрдоган Түрк Кызылайынын 158 жылдыгына карата куттуктоо жарыялады.
Президент Эрдоган куттуктоосунда: "Улуу элибиздин кайрымдуулук, боорукердик, мээримдүүлүк жана тилектештик сапаттарынын символу болгон Түрк Кызылай коому өзүнүн жан аябас жана натыйжалуу жүргүзгөн, чек ара тааныбаган кызматтары менен бул тармакта дүйнөнүн кадыр-барктуу уюмдарынын бири болду", — деди.
Түрк Кызылайы оор шарттарга карабастан эзилгендерге жана жабырлануучуларга жардам берип, согуш жана табигый кырсыктардын жарааттарын айыктырып, адамзаттын үмүтү болгонун белгилеген президент Эрдоган: “Түрк Кызылайынын мындан киийн да өлкөбүздүн мыкты өкүлү болоруна, тынчтыкка, бейпилдикке жана достукка кызмат кыларына ишенем. Уюмдун бардык ыктыярчыларын чын жүрөктөн куттуктайм жана улуу элибизди бул өзгөчө уюмубузду колдоого чакырам",- деп кошумчалады.
















