Контр-адмирал Актүрк машыгуунун Кара деңизде, Мармара деңизинде, Эгей деңизинде жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде өткөрүлгөнүн, максат деңиз күчтөрүнүн оперативдик башкаруусуна жана көзөмөлүнүн натыйжалуулугуна баа берүү, коркунучтуу чөйрөдө катышуучу элементтердин ой жүгүртүүсүн, алдын ала көрө билүүсүн жана чечим кабыл алуу жөндөмүн жакшыртуу жана Күч командирликтери менен өз ара аракеттенүү ыкмаларын сыноо экенин билдирди.
Актүрк билдирүүсүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасы маселесине да токтолуп: "Айрым маалымат каражаттарында жарыяланган жана социалдык медиа аккаунттарында бөлүшүлгөн "түрк учактары Грециянын коргоо министрин жана европалык министрлерди ташыган учактарды куугунтуктаган" деген провокациялык билдирүүлөр чындыкты чагылдырбайт. Греция жана Түштүк Кипр Рум администрациясы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарын жана кызыкчылыктарын, аймактагы тең салмактуулукту эске албай, кээде Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аба мейкиндигин бузган аракеттерде болгону анык.
7-июнь күнү Греция-Түштүк Кипр Рум администрациясы багытында учуп жаткан алты аба кыймылынын төртөө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аба мейкиндигин бузган.
Ошол себептен Түндүк Кипр Түрк Республикасында жайгашкан эки F-16 учагыбыз дароо чара көрүү максатында учурулду. Учактарыбыз Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аба мейкиндигинде кызмат кылып, Түштүк Кипр Рум администрациясынын аба мейкиндигин бузуп же аталган каттамдарга эч кандай тоскоолдук кылган эмес. Аймакта чыңалууну күчөткөн жана провокациялык мүнөзгө ээ болгон, жабырлануучу катары кабыл алууга багытталган аракеттерди жана билдирүүлөрдү кабыл алуу мүмкүн эмес",- деди.
















